Кыргыз-Түрк «Манас» университети (Кыргызстан) жана Чет тилдер жана карьера университети (Казакстан) шериктештигинде уюштурулган, жана 2018-жылдын 3-5 октябрь күндөрү Бишкек шаарында өтө турган VI. Эл аралык түрк дүйнөсү экономикалык форумуна чакырганыбызга кубанычтабыз.
6-Эл аралык түрк дүйнөсү экономикалык форумдун максаты - бардык жерлерден келген жана өзгөчө түрк дүйнөсүндө болуп жаткан өзгөрүүлөрдү изилдеген изилдөөчүлөргө, экономикалык көйгөйлөрдү чечүү жолдорун жана стратегияларды иштеп чыгуу болуп саналат.
Форумдун темасы - «Заманбап интеграциялык процесстер жана жаӊы экономикалык тенденциялар: мүмкүнчүлүктөр жана коркунучтар».
Форумдун тематикалык багыттары: экономикалык интеграция, санариптик коомдор жана экономика, экономикалык кризистер, илимий изилдөө жана инновациялар, энергетика, энергетикалык саясат жана энергиянын кайра жаралуучу булактары, жаңы экономикалык география, мейкиндиктеги пландаштыруу жана мейкиндик эконометрикасы, климаттын өзгөрүшү жана экономикалык таасири, эл аралык миграция, коргоо жана кирешени бөлүштүрүү, ишмердүүлүктөгү тренддер, аймактык конкуренция, саясий интеграция.
Жөнөтүлө турган илимий изилдөө иштери оригиналдуу болушу керек, жана буга чейин журналдарда жана башка жерлерде жарыяланбашы керек же каралып жаткан болбошу керек. Макалалар кыргыз, түрк, орус, англис жана казак тилдеринде кабыл алынат. Бардык көрсөтүлгөн докладдар ISBN номерлүү электрондук түрдөгү жыйнакта басылат. Тандалган макалалар Sosyoekonomi, Manas Journal of Social Studies, Optimum и Reforma журналдарында жарыяланууга каралат.
Форумга онлайн презентация түрүндө дагы катышууга мүмкүн.
Бул форумга жогорку сапаттагы макалаларды тартуу үчүн Мыкты доклад жана Жаш илимпоз сыйлыктарын жарыялайбыз.
Сиздин катышуунузду күтөбүз,
Форумдун уюштуруу комитетинин атынан
Prof. Dr. Хакан Четинташ
Форумдун Төрагасы